• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кирүү акысыз. Бишкекте Италия кино күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 14.11.23./Кабар/. Бишкекте Италия кино күндөрү өтөт. Саамалык тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы эске салат.

Тасмалар 15-16-ноябрь күндөрү "Ала-Тоо" кинотеатрында көрсөтүлөт. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.

Иш-чаранын расмий ачылышы 15-ноябрда саат 18:00дө өтүп, саат 18:20да кинотеатрдын чоң залында "Даньте" фильми көрсөтүлөт. Ал эми саат 20:00дө көрүүчүлөрдүн назарына "Сага чуркайм" тасмасы тартууланат (кичи зал).

16-ноябрда саат 12:00дө "Орландо", саат 14:30да Ipersonia фильми көрсөтүлөт. Эки тасма тең кичи залда коюлат.

Пикир

Оставить комментарий