• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен жана Фергана облустарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Фергана облустарынын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери кеңири талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн КР президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев менен Өзбекстандын Кыргызстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү Фурхат Усманов жана Аззамжон Абдурашидовдордун ортосундагы жолугушуу болгон.

Тараптар жолугушууда өзгөчө туризм багытында кызматташтыкты чыңдоо боюнча конкреттүү маселелер белгиленип, аны ишке ашыруу жолдору каралды.

Пикир

Оставить комментарий