• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Бишкектеги үй-жайсыз жарандар үчүн баш калкалоочу жайлардын даректери

Коом 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы борбор калаадагы үй-жайсыз жарандар үчүн баш калкалоочу жайлардын даректери менен бөлүштү.

Белгиленгендей, Биринчи май районунда туруктуу жашаган жери жок жарандарга арналган «Коломто» муниципалдык мекемеси туруктуу негизде иштейт.

Жибек-Жолу проспектиси, 413 дарегинде жайгашкан мекеме 70тен 100гө чейин үй-жайсыз адамды күнүмдүк тамактандырып, түнөгү менен камсыз кылат. Сурап-билүү телефону: 30 48 55.

«Коломто» ММ жергиликтүү бюджеттен каржыланат, 2023-жылга 10,1 млн сом каралган.

Ленин районунун аймагында «Мээримдүүлүк борбору» коомдук фонду туруктуу негизде иштеп, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдары бар аялдарды убактылуу жайгаштыруу менен камсыз кылат. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир жолку ысык тамак берилип, коммуналдык төлөмдөр төлөнүп, «Мээримдүүлүк борбору» коомдук фондунун эсебинен социалдык кызматтар көрсөтүлөт. Бул максаттарга жергиликтүү бюджеттен 852,9 миң сом каралган.

Бул фонд Трудовая көчөсү, 10 дареги боюнча жайгашкан, сурап-билүү үчүн телефондор: 64 48 71, 0550 54 66 22 Роза Казиевна.

Ошондой эле Октябрь районунун аймагында А.Токомбаев көчөсү, 1а дарегинде үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды, ал 60 орунга ылайыкталган.

Учурда баш калкалоочу жай оңдолуп, шейшептер жана дары-дармектер сатып алынды. Ошондой эле бир кишиге күнүнө 70 сомдон бир жолку ысык тамак берүү боюнча мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлдү. Жылытуу мезгилине 10 тонна көмүр алынган.

Баш калкалоочу жайга төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот: 511938, 0708880218 - Сталбек Эсенкулов.

Свердлов районунун аймагындагы Фере көчөсү, №34а дарегиндеги баш калкалоочу жай 40 орунга ылайыкталган. Учурда имараттар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, дары-дармектер жана шейшептер сатылып алынып, ар бир адамга күнүнө 70 сомдон бир жолку ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлдү. Жылытуу мезгилине 6 тонна көмүр алынган.

Сурап билүү телефону: 360335, 0706 168877, Мамаев Эркин.

Туруктуу жашаган жери жок адамдар бул баш калкалоочу жайларга өз алдынча кайрыла алышат, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тез жардам бригадасы тарабынан жеткирилет. Жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз, 102 (милиция), 103 (тез жардам) жана жогоруда көрсөтүлгөн телефондорго кайрылуу керек.

Арыз бергендер бир жолку ысык тамак менен камсыз болушат. Коопсуздук үчүн борбор калаанын бардык баш калкалоочу жайларында милициянын нөөмөтчүсү бар жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун медициналык кызматкерлери бөлүнүп, алар системалуу түрдө керектүү медициналык жардам көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий