• 87
  • 90.59
  • 0.86

Бишкекте энелердин ден соолугуна кам көрүүгө багытталган тегерек стол өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарында "Энелердин ден соолугуна инвестициялоо — Кыргызстанынын келечегине салым" аталышындагы тегерек стол өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо минстрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты — репродуктивдик саламаттыкты жана энелердин ден соолугун коргоо боюнча кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу.

Иш-чарага министрдин орун басары Каарманбек Байдавлетов, Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбеков жана Венера Раимбачаева, Кыргызстандагы БУУнун калк боюнча фондунун башчысы Бактыбек Кайназаров, Э,ЮжөДКтин башкы адиси Раиса Асылбашева, ЮНФПА жана КР Акыйкатчысынын өкүлдөрү, төрөт мекемелеринин жетекчилери жана башка кызыкдар тараптар катыштын.

Тегерек столду саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов ачып, энелердин ден соолугу түздөн-түз балдардын ден соолугуна таасир этээрин белгиледи.

"Ден соолугу чың энелердин балдары ооруларга аз кабылып, активдүү жана жемиштүү өсөрү далилденген. Аялдарды колдоого багытталган программаларга салынган ар бир инвестиция олуттуу экономикалык кайтарым берет. Бул — ден соолукка гана эмес, мамлекеттин өнүгүүсүн камсыз кылган адамдык капиталга салым", - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков энелердин ден соолугун коргоо маселелерин саламаттыкты сактоо министрлиги жана Кыргызстандагы БУУнун калк боюнча фонду менен биргелешип карап чыгууга даяр, 35 депутаттан турган эң чоң жумушчу топ бар экенин баса белгиледи.

"Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстан Борбор Азияда энелердин өлүмү боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлейт, бирок акыркы убакта бул көрсөткүчтөр азаюуда. Ошентсе да, биз адистер менен бул теманы тереңирээк изилдеп, өлүмгө алып келүүчү булактарды жоюшубуз керек", — деди ал.

Кыргызстандагы БУУнун калк боюнча фондунун башчысы Бактыбек Кайназаров өз сөзүндө энелердин ден соолугу боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үчүн медициналык-санитардык гана эмес, энелердин ден соолугун коргоо боюнча кызматтарды жеткирүүнү чектеген коомдук факторлорду да аныктап, жоюу зарылдыгын айтты.

"Энелердин өлүмүн азайтуу үчүн бардык кызыкдар тараптар биригип, координацияланган чараларды кабыл алып, бардык деңгээлде саламаттыкты башкарууга жамааттык катышууну кеңейтүү аркылуу ишенимди жана жоопкерчиликти бекемдеши керек", - деди Кайназаров.

Ал эми "YПКА" коомдук уюмунун директору Бактыгүл Бозгорбоева энелердин ден соолугун колдоодо жарандык сектордун негизги ролун белгиледи.

Биз аялдар өз укуктарын билип, кайсы жактан жардам сураса болорун түшүнүшү үчүн маалыматтык иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Мамлекеттик органдар менен кызматташып, саламаттык сактоо тутумун бекемдөөгө аракет кылып, маанилүү программаларды каржылоодогу боштуктарды жоюу үчүн эл аралык ресурстарды тартуудабыз", — деген ал энелердин ден соолугуна инвестициялоону чыгым катары эмес, келечекке салым катары кароо керектигин кошумчалады.

Ал белгилегендей, энелердин ден соолугуна жумшалган ар бир каражат көп деңгээлдүү кайтарым берет — өлүмдү азайтат, үй-бүлөлөрдү бекемдейт жана коомдун өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Тегерек столдун алкагында энелердин ден соолугуна кам көрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу максаттуу аудиторияларды маалымдоо жана кошумча ресурстарды тартуу үчүн даярдалган үч видеороликтин бет ачары болду.

Ошондой эле, Кыргызстандын энелердин ден соолугу боюнча учурдагы абалы тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин энелердин, балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоо башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева баяндама жасады. Ал эми финансылык жана бюджеттик пландоо боюнча эксперт Бакыт Сатыбеков энелердин ден соолугуна инвестициялоо боюнча цифралык маалыматтар менен бөлүштү.

Иш-чара Саламаттыкты сактоо министрлиги, ЮНФПА жана "YПКА" коомдук уюму тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий