• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте энергетика жаатындагы жаңы идеялар жана технологиялар көрсөтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. 18-19-майда Бишкек шаарында "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын кезектеги "Энергетика тармагындагы жаңы техника жана технологиялар" темасында бирдиктүү бетачар күнү өтүп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты - инновациялык атаандаштыкка жөндөмдүү идеяларды, даяр продукцияларды жана технологиялар менен таанышып, аларды иш жүзүнө ашыруу.

Иш-чараны энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбековдор ачышты.

Бирдиктүү бетачар күнүнө 26 негизги электр жабдууларын өндүрүүчүлөр компаниялардын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк энергетикалык компаниялардын, Кыргызстандын илимий чөйрөлөрүнүн жана университеттеринин, ошондой эле электр жабдууларын өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү катышууда.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын бирдиктүү бетачар күнү республиканын булуң бурчундагы аталган кесип ээлеринин, энергетикалык жабдууларды өндүрүүчүлөрүнүн пикир алмашуусу жана заманбап технологиялар боюнча маалымат алуу үчүн кесипкөй аянтча катары кызыктырат.

Пикир

Оставить комментарий