• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Аба ырайы. Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт

Коом 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 19-майга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүйдө +21…+26, Талас облусунда +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын облусунда +17…+22, Бишкек шаарында +24…+26 жана Ош шаарында +23…+25 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий