• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги башаламандык: 5 медкызматкер жабыркап, 6 тез жардам унаасы талкаланган

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Бүгүн "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов учурдагы чыр-чатакка саламаттык сактоо кызматкерлерин аралаштырбоого чакырды.

Анын айтымында, Бишкекте болгон митингден кийин башталган башаламандык учурунда тез жардам кызматынын медициналык кызматкерлерине кол салуу болуп, тез жардам унаалары талкаланган.

"Ага жол берилбеши керек деп эсептейбиз. Ошондой эле саламаттык сактоо кызматкерлерин учурдагы чыр-чатакка аралаштырбоого чакырабыз. Биз медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылышыбыз керек", - деди ал.

Анын айтымында, Бишкекте болгон башаламандыкта 5 медицина кызматкери жабыркап, 6 тез жардам унаасы талкаланган.

Пикир

Оставить комментарий