• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 326 учур катталды. Жалпы 59 миң 905

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 59 миң 905 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 326 жаңы учур катталды. Ал эми 403 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 1 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 56 миң 568 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 492 бейтап каза болду. 2 миң 843 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий