• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте эртеңден тарта №145, 169 автобустар ишке кирет

Коом 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Бишкек шаарында эртең, 1-февралдан тарта №145 жана №169 жаңы автобус каттамдары ишке кирет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин бул каттамдарда маршруткалар иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номерлүү автобустар жүрө баштайт. Аларды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт.

№145 автобус Көк-Жар конушунан Маевка айылына чейин каттайт. Узундугу 33 чакырым, автобустардын аралыгы 6-8 мүнөт. Бул линияга 14 автобус чыгат.

№169 автобус Ак-Ордо конушунан Шоро компаниясына чейин жүрөт. Анын узундугу 47 чакырым, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 12 мүнөттү түзөт. Каттамда 14 автобус кызмат көрсөтөт.

Белгилей кетсек, бара-бара бардык маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Пикир

Оставить комментарий