• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Бишкекте “Эскерүү оту” эл аралык акциясы өтөт

Коом 0

Бишкек, 03.05.23./Кабар/. Бишкекте “Эскерүү оту” эл аралык акциясы өтөт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 7-майда саат 10:30да Жаш Гвардия бульварында жайгашкан Баатырлар аллеясында Кыргызстандын коомдук, жаштар, ардагерлер уюмдарына эскерүү отун тапшыруу аземи жана митинг-реквием өтөт.

Белгилей кетсек, акциянын катышуучулары Москва кремлинин жанында жайгашкан белгисиз жоокердин мүрзөсүнөн Түбөлүк оттун бир бөлүгүн 8 баатыр-шаарга жана дүйнөнүн 11 өлкөсүнө, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларына жеткиришет.

Иш-чараны Роскызматташтыктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү согуштун, эмгектин, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана тылдын ардагерлеринин республикалык кеңеши менен биргеликте борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий