Бишкекте Европалык иммунизация жумалыгынын жыйынтыгы чыгарылды

Ден соолук 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Бишкекте 2024-жылдагы Европалык эмдөө жумалыгынын жыйынтыгын талкуулаган жыйын өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Саламаттык сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Маалыматта айтылгандай, быйыл эмдөө жумалыгы "Муундарды коргойбуз" деген ураан астында бардык курактагы адамдарды пландуу эмдөө менен камтуунун жогорку деңгээлин сактоо максатында уюштурулду.

Кыргызстанда калкты пландуу эмдөөнүн аркасында 19 жашка чейинки курактагылар арасында кептөөр, селейме, кургак учук менингити, В вирустук гепатити катталган эмес; 1993-жылдан бери полиомиелиттен эркин өлкө статусу бар.

Иш-чаранын жүрүшүндө Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова эмдөө жумалыгынын калк үчүн маанисине, эмдөө менен камтуу боюнча маалыматтарга токтолду.

"Алсак, бир жума ичинде эмдөө календары боюнча 54 миң 362 адам кошумча эмдөө алды. Эмдөө стационардык пункттарда жана мобилдик бригадалардын жардамы менен жүргүзүлдү", - деген ал калкты маалымдоодо медицина кызматкерлеринин салымын белгиледи.

Анын айтымында, мында эмдөө менен камтууну жогорулатуудагы негизги максат ар бир бала вакцина менен алдын ала турган оорулардан коргоого муктаж жана мындай коргоого укугу бар деген маалыматты жайылтуу болуп саналат.

Мындан тышкары, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен иштелип чыккан жана басылып чыккан бардык денгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери үчүн арналган “Иммунопрофилактика боюнча чөнтөк колдонмо” көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий