• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 20 жылдан бери биринчи жолу селейме оорусунан өлүм учуру катталды

Ден соолук 0

Бишкек, 26.08.22. /Кабар/. Бишкекте 25-август күнү түндө 5 жашар бала селейме оорусунан каза болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстанда акыркы 20 жылда бул жугуштуу оорудан өлүм учуру катталган эмес.

Медиктердин маалыматына караганда, бейтап 2017-жылы туулган А.А. 23-августта Токмок жалпы дарыгердик практика борборунан Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына которулган.

Ага клиникалык-эпидемиологиялык селейме оорусунун өтө оору түрү деген диагноз коюлган. Диссеминацияланган тамыр ичиндеги коагуляция. Этап: гиперкоагуляция, мээнин шишиги, курч өпкө-жүрөк жетишсиздиги.

Бала эмдөөнү төрөт үйүндө гана алган, андан кийин план боюнча эмделген эмес. Ата-энеси Улуттук эмдөө календарына ылайык эмдөө алуудан баш тартышкан.

Апасынын айтымында, 10 күн мурун сол буту менен мык басып алып, мык 0,5 см кирип кеткен, андан кийин бала аксап, бутунда оору байкалган.

Мындан кийин баланын дене табы 38,5ке чейин көтөрүлүп, жутууда кыйынчылыктар пайда болгон, ошентип Токмок шаарындагы ЖДПБ кайрылышып, анда жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Станционардык дарыланууда невропатолог, реанимациянын бөлүм башчысынан, инфекционист дарыгерлерден консультация алышкан.

“Бишкектеги ооруканага өтө оор абалда түшкөн. Дарылоого жана көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан 25-августта 00:35те бала каза болуп калды”, - деп айтылат маалыматта.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, селеймеге ар бир адам чалдыгып калышы мүмкүн, бирок көбүнчө жана оорунун эң оор формасы селейме анатоксиди бар вакциналар менен жетиштүү иммунизацияланбаган жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана кош бойлуу аялдарда аныкталат.

Селейме оорусун селейме анатоксин камтылган вакцина менен эмдөө жолу аркылуу алдын алса болот.

Селейме оорусуна каршы эмдөө алдын алуучу эмдөө календарына ылайык, бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда жана ФАПтарда акысыз жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий