Оштогу Тешик-Таш кичи базарында башаламан соодага каршы рейд жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 26.08.22. /Кабар/. Башаламан соода объектилерин тартипке келтирүү жана жол кыймылынын, жарандардын коопсуздугун камсыздоонун алкагында Ленин көчөсүндөгү Тешик-Таш базары менен Р.Абдыкадыров атындагы облустук филармониянын айланасында рейд жүрдү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн адистери, “Сулайман-Тоо” МАБынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.

Алар тарабынан соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көчө чачкынды соода объектилеринен тазаланды.

Пикир

Оставить комментарий