• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Нарында “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүлөрдүн мугалимдерине унаа белек кылынат

Аймак 0

Бишкек, 26.08.22. /Кабар/. Нарын шаарында “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүлөрдүн мугалимдерине автоунаа белек кылынат. Бул тууралуу калаа башчысы Канболот Тутуев соцтармакка билдирүү калтырды.

Тутуев мындай демилге ар бир мугалимге стимул болот деп ишенет.

“Келерки окуу жылдын жыйынтыгы боюнча Нарын шаарындагы мектептерден ким ЖРТнын жыйынтыгында “Алтын сертификат” алса, ошол бүтүрүүчүнүн мугалимине автоунаа белек кылабыз. Каржы булактарын табууну жана ушул ишти аягына чыгарууну өзүм көзөмөлдөйм”, - деп жазды Нарын шаарынын мэри.

Пикир

Оставить комментарий