• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте “Expo Eurasia-Kyrgyzstan 2022” эл аралык көргөзмө-жарманкеси салтанаттуу ачылды

Экономика 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Бишкекте “Expo Eurasia-Kyrgyzstan 2022” эл аралык көргөзмө-жарманкеси салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Иш-чара бүгүн, 23-мартта, Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү, өлкөнүн бизнес-акыйкатчысынын орун басары Сергей Пономарев, Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлүнүн орун басары Айнур Самановдун катышуусу менен өттү.

Сергей Пономарев билдиргендей, жеке ишкерлер кыйынчылык тартып жаткан дүйнөлүк оор процесстеринин фонунда “Expo Eurasia-Kyrgyzstan 2022” сыяктуу иш-чара бизнес үчүн потенциалдуу өнөктөштөр жана керектөөчүлөр менен көпүрө курууга жакшы мүмкүнчүлүк.

Өз кезегинде Айнур Саманов Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү катары товарларды, кызматтарды жана капиталды эркин айлантууга, бир катар артыкчылыктарды жана жеңилдиктерди алууга укуктуу экенин эске салды.

Сөз жыйынтыгында меймандар иш-чаранын катышуучуларына “Expo Eurasia-Kyrgyzstan 2022нин” алкагында көздөгөн максаттарына жетүүсүнө тилектештигин билдиришти.

Эске салсак, “Expo Eurasia-Kyrgyzstan 2022” көргөзмө-жарманкеси “Аю Гранд” соода борборунда өтүүдө.

Көргөзмө-жарманке 1-апрелге чейин созулат. Анын алкагында меймандар ата мекендик жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн продукциясы менен таанышып, аларды ортомчуларсыз сатып алса болот.

Пикир

Оставить комментарий