• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Манастын ысымы кездешкен жер-суу аттарынын картасын түзүү, аянтта “Манас” эпосун жаңыртуу – сунушталган долбоорлор

Маданият 0

Бишкек, 23.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын вице-президенти Чолпон Тентиева 2022-2027-жылдарга карата академиянын иш планы менен тааныштырды.

Нет описания.

Тентиеванын айтымында, “Ала-Тоо” аянтында “Манас” эпосун жаңыртуу үчүн Манастын эстелигинин алдына такталарды орнотуу пландалууда.

“Саякбай Каралаевдин аткаруусундагы “Манас” эпосунун аудиого түшүрүлгөн варианты күнүнө беш мүнөттөн үч жолу жаңырат. Анын үнү эстеликтен 50-60 метр аралыкка жетет. Биз “Манас” эпосуна, айтуучулук өнөргө болгон кызыгууну арттырууну максат кылуудабыз”, - дейт Тентиева.

Академиянын вице-президенти эпосту таанытуу максатында Жоомарт Кадыралиевдин көркөм чыгармаларындагы сүрөттөр “Ала-Тоо” аянтындагы 86 аркага жайгаштыруу каралып жатканын кошумчалады.

“Мындан сырткары, Манас ысымы кездешкен дүйнөдөгү жер-суу аттарынын картасын түзүү долбоору дагы бар. Карта QR кодго жайгаштырылат. Ал кыргыз, орус, англис тилдеринде болмокчу”, - деди ал.

Тентиева алдыңкы жылдары ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги, кенже эпостор жана дүйнө элдеринин эпостору, эпос айтуучулук боюнча интерактивдүү музейинин концепциясын иштеп чыгуу каралып жатканын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий