• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте гаражда токтоп турган Lexus 570 толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Бишкектин 12-кичирайонундагы гаражда токтоп турган Lexus 570 автоунааасы толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт 28-декабрь күнү чыгып, бир өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган. Натыйжада тилсиз жоо саат 14:34тө толук өчүрүлдү.

Өрт кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу темир менен жабылган гараж жана Lexus 570 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий