• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бишкекте газ тартыштык маселеси жок – Нефтетрейдерлер

Коом 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Бишкекте газ тартыштык маселеси жок. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, борбор калаадагы ири компанияларда жаратылыш газы жетиштүү көлөмдө. Айрым чакан май куюучу жайларда газ жок болуп калышы мүмкүн. Анткени, аларда газ аз көлөмдө болгондуктан, ордун толтуруу убакытты талап кылат.

"Мен бүгүн шаар ичиндеги газ сатылуучу жайларды кыдырып чыктым. Эч кандай газ тартыштыгы байкалган жок. Бишкектин жогорку жагында, мисалы, Токомбаев, Жукеев-Пудовкин көчөлөрү тараптарда май куюучу жайларда газ бар. Андан соң шаардын түндүк тарабына да бардым. Чүй көчөсү, айланма жол жакта да көгүлтүр от сатылып жатат. Күнүнө 5 тоннадай газ саткан жерлерде түгөнүп калууда. Анткени алар унаа менен ташып ордун толтурганга убакыты кетет", - деди Канат Эшатов.

Ошондой эле ал жаратылыш газына болгон баа жума сайын өзгөрүп турарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий