• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Соцфонддун колл-борборуна январь-августта 13,2 миң кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында Социалдык фонддун колл-борборуна 13 миң 265 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1202 кыска номери аркылуу негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

2022-жылдын август айында Соцфонддун Call-борбору 1 миң 584 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 948 кирген жана чыккан чалуулар.

Андан тышкары, онлайн-офлайн режиминде сайт аркылуу 636 электрондук кайрылуу келип түшкөн.

Социалдык фонддун колл-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий