• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Бишкекте “Газпромдун” кызматкерлеринин арасында “Факел”  фестивалы башталды

Маданият 0

Бишкек, 15.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Күн мурун Бишкекте “Газпром” ЖЧКсынын “Факел” X корпоративдик фестивалынын зоналдык турунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, фестивалга “Газпромдун” Россия, Беларусь, Армения жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн 22 кеңсесинин 800 кызматкери катышууда.
Үч күн бою чыгармачыл топтор жана аткаруучулар «Вокал», «Хореография», «Аспаптык жанр», «Эстрада жана цирк жанры», «Түпкү жанр», «Фольклор» номинациялары боюнча жеңиш үчүн ат салышат.


Ошондой эле, фестивалдын алкагында «Жаш артист» сынагы жана «Балдар балдарга» концерти да болот.

“Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаевдин айтымында, Бишкектеги фестиваль Кыргызстандын маданий турмушу үчүн маанилүү көрүнүш. Ал постсоветтик мейкиндикте маданий алмашуунун жана оригиналдуу чыгармачылыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий