• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте I Республикалык санариптештирүү боюнча жаштар форуму өтүүдө

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 29-февралда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин демилгеси менен Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде санариптештирүү боюнча Республикалык жаштар форуму өтүп жатат.

Форумдун ишине Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" ММнин "Инфоком" МИнын, "Кыргызтелеком" ААКнун кызматкерлери, ГИИКС, КАРПОУ, CODIFY сыяктуу программисттердин жана IT-адистерден турган алдыңкы клубдары, ошондой эле "МЕГА", " Beeline" жана "О" сыяктуу алдыңкы уюлдук байланыш операторлорунун өкүлдөрү менен белгилүү блогерлер катышууда.

Иш-чараны санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин проректору Азамат Сатиев ачышты. "Мындай масштабдуу форум келечектеги IT-адистерге санариптик технологиялардын кеңдигин терең изилдөөгө жана багындырууга түрткү берет деп ишенем", - деп белгиледи Кожомуратов.

Республикалык форумдун алкагында БМУда санариптик технологиялардын көргөзмөсү уюштурулуп, анда "Түндүк" ММнин, "Инфоком" МИнын, "Кыргызтелеком" ААКнун, ГИИКС, КАРПОУ, CODIFY жана ата мекендик уюлдук байланыш операторлорунун санариптик мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишкендиктери көрсөтүлдү.

Форум учурунда санариптештирүү тармагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ар бир уюм өз презентациялары менен чыгып сүйлөп, студенттердин бардык суроолоруна жооп берип, активдүүлүгү менен айырмаланган студенттерге баалуу сыйлыктарды тапшырышты.

I санариптештирүү боюнча Республикалык жаштар форуму өз ишин эртең, 1-мартта да улантат.

Пикир

Оставить комментарий