• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте иайдо фестивалы өтөт

Спорт 0

Бишкек, 13.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 19-ноябрда “Сейтек” борборунда VIII иайдо – япондордун самурай кылычы согуш өнөрү боюнча фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулары билдиришти.

Фестивалдын программасында иайдо жана кендо, япон барабаны “ооэдодайко” оюндары жана иайдо менен кендо боюнча мастер-класстар бар.

“Досторуңуздар, жакындарыңыздар менен келип, япон маданиятынын керемет дүйнөсүнө сүңгүп, япон кылычын кармай билүү өнөрү менен жакындан таанышып кетиңиздер”, - дешет уюштуруучулар.

Иайдо — бул япон кылычын (катана) колдонуу менен күтүүсүз чабуул жасоо өнөрү.

Пикир

Оставить комментарий