Бишкек, 03.12.19 /Кабар/. Бишкекте "Япониядан келген шамал" аталышындагы добулбасчылардын концерти өтөт. Бул тууралуу концерттин уюштуруучулары билдирет.
Ал концерт кыргыз-япон инсандык өнүгүү борборунун "ООЭДОДАЙКО" добулбасчылар тобунун 15 жылдыгына карата өткөрүлөт.
Концерт Кыргыз улуттук филармонияда 6-декабрь күнү өтүп, саат 18:30да башталат. Кирүү акысыз.
Пикир
Оставить комментарий