• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте Япониянын маданият күнү салтанаттуу белгиленди

Коом 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Бишкекте JICA'нын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана Япониянын Адамдык өнүгүү долбоорунун колдоосу менен Япон маданиятынын күнүн утурлай “Japan Day” аттуу көчмө сүрөт көргөзмөсү көрсөтүлдү.

Япония элчилигинин маалыматына ылайык, иш-чарага элчи Хидэки Года катышып, JICAнын ыктыярчылары, жапон студенттери жана жергиликтүү мектеп окуучулары тарабынан концерттик программа тартууланды.

Ошондой эле саамалыктын жүрүшүндө Кыргызстандын Иайдо жана Каратэ федерацияларынын өкүлдөрү өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Программанын экинчи интерактивдүү бөлүгүндө конокторго юката кирип көрүү, каллиграфия жана Гo оюнунун көрүү бурчтары тартууланды.

Мындан сырткары, коноктор кимоно кийген жапон коноктор менен сүрөткө түшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуп, Гo бурчунда элчиликтин кызматкерлери жана жергиликтүү “Сенгоку” Го уюмунун мүчөлөрү мастер-класс көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий