Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ибраимов көчөсүнүн Киев менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеси оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Оңдоо иштери 27-30-июнь күндөрү жүрүп, ишти "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы аткарат.
Мэрия ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Пикир
Оставить комментарий