• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда диний экстремизмдин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда диний экстремизмдин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен түшүндүрүү багытындагы профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп келүүдө.

Анда "Жаштар арасында радикалдашууну жана диний экстремизмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери" аттуу темада Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарында жана Ош шаарында профилактикалык иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.

Милиция кызматкерлери 16-мартта Баткен облусундагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, коомдук алдын алуу борборлорунун жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда семинар өткөрүлдү.

Аталган иш-чара 18-мартта Жалал-Абад облусунда, 19-мартта Ош шаарында жана Ош облусунда өткөрүлдү.

Өткөрүлгөн семинарда баяндамачылар тарабынан катышуучуларга мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты, Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдар, алардын өзгөчөлүктөрү, социалдык жоопкерчилик, коомдук алдын алуу борборлорунун иштөө тартиби жана ишмердүүлүгү, улуттар аралык касташуунун алдын алуу боюнча кеңири маалыматтар таратылып, катышуучулардын суроолоруна жооптор берилди.

Иш-чара 23-мартта Чүй облусунда дагы өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий