• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандыктарды Кореяда ишке орноштуруу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев Бишкекте вице-президенти Ким Сун Чжэ башында турган Кореянын HRD делегациясы менен жолукту.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кореялык делегациянын иш сапарынын максаты Кыргызстандагы EPS-Topek уюштурулган иш менен камсыз кылуу системасын киргизүү процессине байкоо жүргүзүү болгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР жарандарын Кореяда уюшкандыкта ишке орноштуруу программасын өркүндөтүү боюнча маселелер талкууланды.

Ошондой эле Ким Сун Чжэ Эмгек министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун директору А.Алыбаев менен жолукту.

Анда делегацияга Эмгек министрлиги менен Кореянын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлигинин ортосундагы республикага жумушчу күчүн жөнөтүү/кабыл алуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун жүрүшү көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий