• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КРда ишеним кат менен сатып алган унааларды кайра каттоодо арзандатууларды киргизүү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 19.02.19./Кабар/. Кыргызстанда ишеним кат менен сатып алган унааларды кайра каттоодо арзандатууларды киргизүү сунушталды. Бул тууралуу КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.

Анын айтуусунда, учурда чет өлкөдөн унааларды алып келип сатуу менен алектенген ишкерлердин ишинде көп көйгөйлөр аныкталган. Көнүмүш болгондой, ишкер унааларды өз атына каттап, андан кийин көп жылдар бою унаалар ишеним кат менен сатылып жүргөн.

“Кээ бир адамдар өздөрүнө 100 унааны каттап, аларды ишеним кат аркылуу сатып келген. Биз учурда бул маселенин үстүндө иш алып баруудабыз. Менин оюмча, биз бул жарандарды колдоп, унааны ээсине кайра каттоодо жеңил мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришибиз керек. Аны менен бирге, абийирдүү жарандар үчүн арзандатуулар каралат”, - деди премьер.

Пикир

Оставить комментарий