• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Бишкекте Ички иштер министринин кармашып урушуу боюнча кубогунун ачылышы өттү

Спорт 0

Бишкек, 13.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата кармашып урушуу боюнча Ички иштер министринин кубогунун ачылышы өткөрүлдү.

Ачылыш аземинде ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ички аскерлердин кол башчысы Дамир Алыбаев, кармашып урушуу федерациясынын президенти Рамис Кыдыралиевдер катышты.

"Бүгүн биз 1-ноябрь кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине арналган кармашып урушуу боюнча күч түзүмдөрү арасында өткөрүлүп жаткан мелдештин ачылышына катышуудабыз.

Спорт, дене тарбиялык даярдык күжүрмөн-кызматтык милдеттерди аткарууда чоң мааниге ээ экени талашсыз. Бүгүнкү мелдешке республикабыздын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда. Балбандар бир-бири менен күч эле сынашпастан, өз ара ынтымакты, мамилени бекемдеп, спорт багытында тажрыйба алмашат деген ишеничтемин.

Акыркы мезгилде КР президенти кыргыз спортчуларына ар тараптуу колдоо көрсөтүп, дүйнөлүк ири мелдештерде жогорку жетишкендиктерге жетишүүгө толук шарт түзүүдө. Алардын катарында күч түзүмдөрүнүн спортчулары да бар.

Өз кезегинде Ички иштер министрлиги ички иштер органдарында дене тарбия менен спорттун чыңдалышына өзгөчө көңүл буруп, эл аралык деңгээлдеги спорт чеберлерин, дүйнөлүк, азиялык биринчиликтердин жеңүүчүлөрүн даярдоого аракет кылып келүүдө”, - деди Октябрь Урмамбетов.

Ал сөзүнүн аягында Ички иштер министринин орун басары мелдешке келген катышуучулардын ар бирине ыраазычылык билдирүү менен спортчуларга татыктуу жеңиш каалап өттү.

Ички аскерлердин кол башчысы полковник Дамир Алыбаев бардык келген конокторго жана командаларга ыраазычылыгын билдирип, калыстарга калыстыкты, мелдештин катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

Белгиленгендей, аталган мелдешке күч түзүмдөрдүн 16 командасы күч сынашууда. Мелдеш 2024-жылдын 14-октябрында жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий