• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкекте үйлөр арзандайбы? Рыноктогу абал

Маек 0

Бишкекте турак жайга болгон баа күндөн-күнгө кымбаттап жатат. Алсак, 104, 105, 08-сериядагы, жеке типтеги батирлердин жана жеке менчик үйлөрдүн баасы 2024-жылы 2023-жылга салыштырмалуу бир кыйла кымбаттаган. Мунун себептери жана алдынкы айларга божомолдор боюнча “Кабар” маалымат агенттиги “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кыймылсыз мүлк базарын талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Айдар Сукенбаев менен маек куруп, бир катар суроолорго жооп алды.

Соңку жылдары кыймылсыз мүлктүн баасы күндөн-күнгө кымбаттап бара жатканы байкалууда. Былтыр 2023-жылга салыштырмалуу канчага кымбаттады жана бүгүнкү күндө рыноктогу абал кандай?

Былтыр 2023-жылга салыштырмалуу батилердин чарчы метринин орточо баасы 14-25 пайызга кымбаттады. Сатып-алуу-сатуу бүтүмдөрү 13,31 пайызга төмөндөдү. Сатып-алуу-сатуу бүтүмдөрү коридордук жана барак тибиндеги батирлерди кошпогондо 2023-жылы 14057, ал эми 2024-жылы 12186 батирди түзгөн. 2024-жылдын талдоо жүргүзүлгөн мөөнөт ичинде Бишкек шаарында 104-сериядагы батирдин доллардык баасы бир бөлмөлүүлөр 21,4 %га, эки бөлмөлүүлөр 24%га, үч бөлмөлүүлөр 26,4%га кымбаттады. 105-сериядагы бир бөлмөлүүлөр 21%га, эки бөлмөлүүлөр 21%га, үч бөлмөлүүлөр 14%га кымбаттаган. Булар стандарттык типтеги батирлер болуп эсептелет. Ошондой эле бизде борбордо 308-сериядагы батирлер бар. Аларды илгерки “хрущевка” батирлери деп коет. 308-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин баасы 17%га, эки бөлмөлүү батирдин баасы 19%га, үч бөлмөлүү батирдин баасы 19,2 %га өстү. Ал эми жаңы салынып жаткан жеке типтеги батирлерди ала турган болсок 1-2-3-4 бөлмөлүүлөр, алардын наркы 15-25%га чейин жогорулады. Мисалы, бир бөлмөлүү батир 23,6%га, эки бөлмөлүү батирлер 14,7%га, үч бөлмөлүү батирлер 25,4%га кымбаттаса, ал эми төрт бөлмөлүү батирлер 13,6%га кымбаттады. Баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, биз талдоодо батирлердин баасын эки бөлүп изилдөө жүргүзөбүз. Жеке типтеги батирлерди кошкондо, жана кошпогондо деп. Себеби, жеке типтеги батирлерди сатып алган жарандар батирдин ремонт иштерин өздөрү жүргүзүшкөндүктөн, курулуш наркынын баасы экперттердин айтымында 400-405 долларды түзөт. Курулуш наркы төмөн болгондуктан бул батирлердин чарчы метри 500 доллардан 700 долларга чейин сатылууда. Ал эми ремонт иштери жасалган, даяр жеке батирлердин чарчы метринин баасы 1100 доллардан жогору. Бүгүнкү күнгө алынган маалыматтар боюнча жеке батирлерди кошпогондо батирлердин чарчы метринин орточо баасы 1214 долларды түзүүдө. 2024-жылдын декабрь айында батирдин чарчы метринин орточо баасы 1252 доллар болгон. Тактап айтканда, бүгүнкү күндө батирдин баасы өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу 3%га төмөндөдү. Ал эми жеке менчик үйлөрдүн баалары былтыр 2023-жылга салыштырмалуу 31,89 пайызга өскөн. Бүгүнкү күндө жеке менчик үйлөрдүн наркы 1504 долларды түздү. 2024-жылдын акыркы үч айында жеке менчик үйлөрдүн чарчы метринин наркы 1594 долларды түзгөн. Муну менен биз учурда жеке менчик үйлөрдүн баасы 2024-жылдын акыркы үч айына салыштырмалуу 5-6%га төмөндөдү деп айтсак болот.

Кыймылсыз мүлктүн кескин кымбатташына кандай жагдайлар себеп болууда?

Кымбаттоого себеп болгон факторлордун башында инфляция турат. 2024-жылдын январь-декабрь айындагы инфляциянын деңгээлин карасак, ал 6,3%ды түзүп жатат. Ал эми кыймылсыз мүлктүн баасынын өсүшү ал деңгээлден жогору. Демек турак жайлардын кымбаттоосуна башка да факторлор таасир этти деп эсептейбиз. Алардын ичинде биздин улуттук валюта – сомдун долларга болгон курсунун өзгөрүшү жана саясий-экономикалык факторлор да бар. Ошондой эле батирлердин жана жеке менчик үйлөрдүн кымбаттоосу республикадагы курулуштун көлөмүнүн жогорулашынан да болууда. Экперттердин маалыматы боюнча, республикада курулуштун көлөмү 45,5%га жогорулаган. Курулуштун көлөмүн КМШ өлкөлөрүнө салыштырып көрөлү. Алсак, курулуштун көлөмү Россияда 3,9%га, Казакстан менен Беларуста 8,6%га, ал эми Арменияда болгону 2,1%га өскөн. Курулуштун көлөмүнүн жогорулашы эмнеге алып келет? Курулуштун көлөмүнүн жогорулашы албетте курулуш материалдарынын баасынын кымбатташына алып келет. Кыш, цемент, арматура жана башка курулуш материалдарынын баасы 20%га өстү. Мындан сырткары, турак жайдын кымбаттоосу суроо-талаптын көбөйүшүнө дагы байланыштуу болуп жатат. Кыймылсыз мүлккө болгон суроо-талапты кандай факторлор жогорулатат? Бул албетте ички жана тышкы миграция фактору. Ошол миграциядан келгендер батирлерге жана жеке менчик үйлөргө болгон суроо-талапты өстүрүүдө. Суроо-талап канчалык жогору болсо, баалар да ошончо жогору болот.

Учурда кандай типтеги батирлерге суроо-талап жогору болуп жатат?

Негизинен 2010-2015-жылга чейин стандарттык типтеги батирлерге суроо-талап жогору болчу. Тактап айтканда, алар 104-105-308-сериядагы батирлер. Ал эми 2015 жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин жеке типтеги батирлердин санына суроо-талап жогору болууда. Учурда жеке типтеги батирлердин саны сатып-алуу-сатуу бөлүмдөрүнүн 60%дан жогору бөлүгүн түзүүдө. Ал эми сатып-алуу-сатуу бөлүмдөрүнүн калган 30-40%зы бул стандарттык типтеги батирлер. Тактап айта кетүүчү нерсе, бул батирлерге коридордук жана барак тибиндеги батирлер кошулбайт.

— Алдыдагы айларга, жылдарга болжол кандай?

Биздин бир жылга болгон талдоо боюнча кыймылсыз мүлккө болгон баалар төмөндөбөйт. Бирок, албетте бул өтө так эмес маалымат. Кыймылсыз мүлктүн баалары ар түрдүү шарттардын негизинде өзгөрүп кетүүсү мүмкүн. Саясат, экономикалык факторлор ага таасир бериши мүмкүн. Кыймылсыз мүлк рыногу өткөн жылы кандай болсо, быйыл дагы ошондой эле сакталат деген ойдомун.

Акназик Тургунбаева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий