Бишкекте имараттардан бомба табылган жок – Бишкек шаардык милициясы

Коом 0

Бишкек, 19.10.23./Кабар/. Бишкекте имараттардан бомба табылган жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-октябрда Бишкек ШИИББнын “102” кызматына алгач Жогорку соттун, андан кийин Ленин жана Октябрь райондук сотторунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имаратында, андан соң "Азия Молл", "Айчүрөк" соода жана оюн-зоок комплекстери бомба бар деген билдирүү түшкөн.

Жогорудагы фактылардын негизинде аталган имараттарда жарандар эвакуацияланып,ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору тарабынан жеринде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

"Натыйжада саат 14:40 карата бул имараттарда эч кандай шектүү жана жарылуучу заттар табылган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бардык келип түшкөн билдирүүлөр маалыматтар журналына катталып, УКМКнын кароосуна жана окуя боюнча чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий