• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Эл президентти өлкө туура багытта бара жатканы үчүн колдоодо – коомдук ишмер

Коом 0

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. Гэллапа институтунун изилдөөсү эл өлкө туура багытта бара жатканы үчүн президентти колдоп атканын көрсөтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине коомдук ишмер Жыпар Жекшеев билдирди.

Ал белгилегендей, азыркы учурда өлкө жаңы багытты тандап алды, ал өлкөнүн өнүгүүсүнө, улуттук кызыкчылыктарды коргоого алып келет. “Албетте, биз көз карандысыз өлкөбүз, бирок узак жылдар бою бизге таңууланган үлгү менен жашап келдик. Кыргызстан ошол үлгүлөрдүн талаптарын аткарып, өзүнүн саясатын андан кийинки орунга койгон. Ошол учурларда улуттук кызыкчылык артка жылдырылып келгени эч кимге сыр эмес”,-деди Ж.Жекшеев.

“Бүгүн биз күчтүү эл экенибизди түшүнүп, бардык иштерди коркпостон өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды эске алуу менен жасай баштадык. Албетте, бул жолдо биз адашабыз, чалынабыз, бирок туруп кайрадан тандап алган жол менен илгерилей беребиз. Азыр бардык жерде чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Бул өзгөрүүлөрдүн бардыгы өлкөнүн өнүгүүсүн жана туруктуулукту сактоого багытталган. Эл муну көрүп жатат, ошондуктан өлкөнүн өнүгүүсүнө жана президенттин ишине мына мындай позитивдүү баа беришүүдө”,-деди ал.

Коомдук ишмер муну менен макул эместер да бар экенин белгиледи. Бирок, андайлар аз. Керек болсо өткөн митингдерде бары элге тынчтык жана туруктуулук керек экенине ынанышты. Митингге аз эле адам чыкты. Башкача айтканда, эл чагымчылдыкка алдырбай, кырдаалды туура талдай биле баштады. Эл анализдөөнү үйрөндү. Карапайым калктын арасында саясий сабаттуулуктун деңгээли өсүүдө.

Ж.Жекшеев экономикалык планда да жакшы алдыга жылуулар бар экенин белгиледи. “Эң башкысы - биз өз жолубузду тандап алдык. Жеңил ойлуу болбой, баалуулуктарга кайрадан баа берүү убактысы келди. Азыр тобокелдиктер жана коркунучтар абдан көп, биз ынтымагыбызды, биримдигибизди жоготпой, коркунучтарга каршы турушубуз керек”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий