• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкекте "Импульс" эл аралык театралдык фестивалы өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында "Импульс" аттуу чакан формалардын IX эл аралык театралдык фестивалы өтүүдө.

Фестивалдын ачылыш аземине маданият министри Алтынбек Максүтов жана Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышты.

Фестивалда биринчилерден болуп Слободан Маруновичтин (Черногориянын улуттук театры, Подгорица шаары) аткаруусундагы Сергей Томовичтин "Негоштун акыркы сааты" монодрамасы көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, быйыл фестивалдын алкагында Кыргызстан, Испания, Черногория, Сербия, Армения жана Россиядан 6 театралдык чыгарма тартууланат.

23-сентябрда башталган маданий иш-чаран 27-сентябрга чейин созулуп, анын негизги максаты - кыргыз театралдык искусствосун дүйнөлүк мейкиндикке интеграциялоо, театр аркылуу элдерди бириктирүү, маданияттар аралык долбоорлорду түзүү жана театр искусствосунун жаңы багыттарын жайылтуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий