Бишкекте Индиянын Дивали майрамы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Бишкекте 11-ноябрда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган индиялык студенттердин катышуусунда Индиянын улуттук Дивали майрамы белгиленди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Майрамдык салтанатта “Индиянын түстөрү. Индия биздин жүрөгүбүздө” аталышында майрамдык концерт тартууланды. Андан тышкары, “Масала чай өнөрү”: чыныгы жыпар жыттуу чай кайнатуу, “Анголанын чыгармачылыгын өзүңдө ач!”, “Гармонияны түзүү: мандалаларды тартуу”, “Мехенди өнөрү: сырлар жана оймо-чиймелер” боюнча мастер-класстар уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов видео аркылуу кайрылуу жасап, индиялык студенттерди улуттук Дивали майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар Чаттерджи жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев куттуктоо сөзүн cүйлөдү.

Иш-чара КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы тарабынан Эл аралык жогорку медицина мектеби жана “Кыргызстан Эл аралык университети” окуу-илимий-өндүрүштүк комплекси менен биргеликте уюштурулду.


Дивали майрамы – Индияда жарыктын караңгылыкты, жакшылыктын жамандыкты жеңгендигин билдирген негизги улуттук майрамдардын бири.

Пикир

Оставить комментарий