• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын жашоочулары иммунитетин бекер текшере алышат – тестирлөөгө кантип жазылса болот?

Ден соолук 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын жашоочулары Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Роспотребнадзордун биргелешкен илимий долбооруна катышуу аркылуу вакцина менен алдын ала турган жана башка учурдагы инфекцияларга иммунитетин бекер текшере алышат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунун директору Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Кыргызстанда башка көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй эле атайын алдын алуу жүргүзүлгөнүнө карабастан вакцина менен башкарылуучу инфекциялар менен ооруган учурлар көбөйдү.

Өз кезегинде Пастер атындагы Санкт-Петербург эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун (НИИЭМ) директору Арег Тотолян вакцина менен башкарылуучу жана башка актуалдуу инфекцияларга калктын популяциялык иммунитетин баалоо максатында Кыргызстандын тургундары кызамык, кызылча, Паротит, SARS-CoV-2 вирусуна, А, В, С, В, Е вирустук гепатиттерине үстүбүздөгү жылы 13-ноябрда 25-ноябрга чейин акысыз тестирлөөдөн өтө аларын белгиледи.

Тотолян белгилегендей, популяциялык иммунитеттин абалы жөнүндө маалымат санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды, анын ичинде айрым региондогу, ошондой эле жалпы республика боюнча калкты инфекцияларга каршы эмдөөнү пландаштыруу үчүн зарыл.

"Тизмедеги инфекцияларга каршы антителолорду изилдөө жыйынтыгы ар бир катышуучу ыктыярчыга берилет", - деди ал.

Ошондой эле Пастер эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун башкы дарыгери Анжелика Миличкина Кыргызстандын бардык аймактарында тесттерди кабыл алуу пункттары ачылып, бир топ даярдык иштери жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, изилдөөдөн бардык курактагы 6 миңден 9 миңге чейин жарандар катыша алышат.

Республикалык вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов кошумчалагандай, жарандар каалаган учурда онлайн режиминде текшерүүгө жазылып, идентификациялык номурун ала алышат.

"Экспертизадан өткөн ар бир адам бир айдын ичинде тесттин жыйынтыгын ала алат. Экспертизанын жалпы корутундусун Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялайт", - деп кошумчалады ал.

Изилдөөгө катышуу үчүн анкетадан өтүү керек.

Пикир

Оставить комментарий