• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Кадамжайда беш адамдан турган үй-бүлө ууланган

Ден соолук 0

Бишкек, 23-май /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кечээ бир үй-бүлөнүн 5 мүчөсү тамак-аштан уулануу менен түшкөн. Бул тууралуу КР ССМ басма сөз кызматы билдирди.

Кадамжай райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиологиялык иликтөөсүнүн жүрүшүндө 2017-жылдын 21-майында эртең менен аталган райондун Охна айылынын тургуну тойдон полиэтилен пакетке салынган бышкан эт алып келген. Бул этти үй-бүлөсү менен кечинде жешкен. 22-майда таңкы 6:00 чамасында бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн ичи ооруп, кускусу келип башташкан.

“07:45те алар Кадамжай аймактык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө кайрылышкан. Алардын ашказандары жуулуп, жуулган суулар бактериологиялык изилдөөгө лаборатория жөнөтүлгөн. Ооруканага жаткырылгандардын абалы канааттандыраарлык, тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат”, - деп айтылат билдирүүдө.

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлөн Исаковдун айтымында, аба ырайынын жылышы менен тамак-аштан уулануу, ичеги-карын ооруларынын күчөшү көбөйөт.

“Буга байланыштуу биз ведомстволук аймактык, райондук, облустук мекемелерге коомдук тамактануу жана соода жайларына өзгөчө көңүл буруу тапшырмалары берилди. Одоно санитардык бузууларга административдик айып салуу менен ишин токтотууга чейинки катуу чаралар көрүлөт. Учурда бул маселелер боюнча аймактык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборлор иштеп жатышат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий