• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкекте окутууда инновациялык технологияларды жайылтууга арналган семинар өттү

Билим 0

Бишкек, 23.12.17 /Кабар/. Бишкек шаарынын № 68 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясында физика, математика жана информатика сабактарынан «Инновациялык технологияларды жайылтуу окуучулардын интеллектуалдык шыктарын өнүктүрүүнүн бирден бир жолу” аталышта семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Семинарда мектептин математика, физика жана информатика сабактарынын мугалимдери жаӊы инновациялык ыкмалар менен ар кандай темадагы ачык сабактар өтүштү. Ошондой эле, информатика сабагынын мугалими Муканбетова Г.Б. жаӊы «Socrative” программасы менен окуучулар арасында кандай иштеп жаткандыгын мугалимдерге тааныштырды.

Аталган семинарда окуучулар жаӊы программанын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат жана кызыккан суроолоруна жоопторду алышып, өз пикирлерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий