• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада коло медаль тагынды

Билим 0

Бишкек, 07.05.23./Кабар/. Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада коло медаль утту, деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы.

Ведомствонун маалыматына караганда, Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин 11-классынын окуучусу Решетников Иван 57-Эл аралык Менделеев химия олимпиадасында коло медаль тагынды.

Менделеев химия олимпиадасы 2023-жылдын 30-апрель 7-май күндөрү аралыгында Астана (Казахстан) шаарында өттү. Ага Кыргызстандан алты окуучу катышкан.

Пикир

Оставить комментарий