• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Садыр Жапаров расмий сапар менен Россияга учуп кетти – коштоп кеткендер

Президент 0

Бишкек, 07.05.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, расмий сапар менен Москвага (Россия Федерациясы) учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлайт.

Сапардын жүрүшүндө Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Ошондой эле, расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун башка расмий адамдар менен жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына барат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:
- Адылбек Касымалиев – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;
- Жээнбек Кулубаев – тышкы иштер министри;
- Муратбек Азымбакиев – Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Марат Иманкулов - Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- Гульнара-Клара Самат - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
- Улан Ниязбеков - ички иштер министри;
- Аскарбек Жаныбеков - айыл чарба министри;
- Тилек Текебаев - транспорт жана коммуникациялар министри;
- Данияр Амангелдиев - экономика жана коммерция министри;
- Кудайберген Базарбаев - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
- Таалайбек Ибраев - энергетика министри;
- Нурдан Орунтаев - Бишкек шаарынын вице-мэри.

Пикир

Оставить комментарий