Бишкекте Интерполдун Борбордук Азия үчүн аймактык кеңсесин ачуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Интерполдун президенти Ахмед Насер аль-Раиси менен онлайн жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Онлайн жолугушууда Улан Ниязбеков Интерполдун трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүүдө, анын ичинде терроризмге каршы күрөшүүдө, унаа уурдоо жана кылмышкерлерди издөөдө негизги уюмдардын бири болгон эл аралык аренадагы маанилүү ролун белгиледи.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Интерпол улуттук борбордук бюросунун ишмердүүлүгү географиялык өнөктөштүктү кеңейтүү жана КР ИИМдин кызматкерлеринин Интерпол эгидасы алдында эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган эл аралык долбоорлорго катышуусун активдештирүүгө багытталган.

Белгиленгендей, ИИМдин Интерполго мүчө өлкөлөрдөгү кесиптештери менен жумушчу мамилелерин түзүү жана бекемдөө, Интерполдун маалымат базасына интеграциялоо боюнча иштери күчөтүлдү, бул өзүнүн жакшы жемиштерин берүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тажрыйба алмашууну күчөтүү, жарандардын коопсуздугун жана укуктарын камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташуунун багыттарын аныкташты.

Өз кезегинде Интерполдун президенти Аль Раиси КР ИИМ Интерполунун жогорку дараметин белгилеп, өз ара аракеттешүүнүн чектерин мындан ары кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

Онлайн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарында Борбордук Азия үчүн Интерполдун аймактык кеңсесин ачуу маселесин, ошондой эле ИИМдин өкүлдөрүнүн Интерполдун Штаб-квартирасында иштөө мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий