• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Бишкекте Иран киносунун жумалыгы өтөт. Кирүү акысыз

Маданият 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Бишкекте үч күн бою ирандык тасмалар акысыз көрсөтүлөт.

Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин маданий өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, экинчи Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында Иран киносунун жумалыгы өтөт.

Кинофестиваль 11-15 июнда уюштурулат.

Иш-чарада ирандык режиссерлордун 5 тасмасы көрүүчүлөргө тартууланат:

12 июнь:

- 13:30 — "Алдын ала келишим жок" (2022), режиссер Бехруз Шоайби;

13 июнь:

- 10:30 — "Капитан" (2023), режиссер Мохаммад Хамзеи;
- 13: 00 — "Факультеттеги экинчи курсум" (2019), режиссер Расул Садыр Амели;

14 июнь:

- 10: 30-" Дельфин бала " анимациялык тасмасы (2022), режиссеру Мохаммад Хейрандиш, Андрей Гоголев;
- 13: 30 - "Кыздар тобу" (2022), режиссер Монир Гейди.

Пикир

Оставить комментарий