• 88.68
  • 95
  • 0.95

Татарстандагы эл аралык кинофестивалга үч кыргызстандык тасма катышат

Маданият 0

Бишкек,27.03.19. /Кабар/. Татарстандагы мусулман киносунун XV Казан эл аралык фестивалына үч кыргызстандык тасма катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

Фестиваль 24-30-апрель күндөрү болуп өтөт.

Кыргызстандын атынан ал фестивалга Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" узун метраждуу тасмасы, кыска метраждуу тасмалардан Айзуура Иманалиеванын "Кумайык" жана Ибадылла Ажибаевдин "Мугалим" тасмасы катышат.

Пикир

Оставить комментарий