• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто Дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалынын симпозиуму өз ишин баштады

Маданият 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Ошто Дүйнөлүк эпостордун эл аралык 7-фестивалынын алкагында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналган "Айтуучунун тексти мезгил жана мейкиндик ченеминде" эл аралык илимий-практикалык симпозиум өз ишин баштады.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, ага маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков жана Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун программалык директору Мирбек Арыкбаевдер сөз сүйлөшүп, дүйнөлүк эпостордун фестивалы аны алып жүрүүчүлөрдүн жана айтуучулар менен гана чектелбей илимий жактан иш жүрүп жатышы кубаттоого алынаары белгиленди.

Симпозиумдун алкагында Россия Илимдер академиясынын Тарыхый-филологиялык илимдер бөлүмүнүн илимий-уюштуруу иштери боюнча башчысы Владимир Кляуска Ош Мамлекеттик университенин ардактуу профессору даражасы ыйгарылды.

Ошондой эле симпозиумдун жүрүшүндө Азербайжан тилинде жарык көргөн "Манас" китебинин бет ачары өтүп, ал жана Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун программалык директору Мирбек Арыкбаев тарабынан КР Маданият министрлигине өткөрүлүп берилди.

Мындан сырткары, меймандарга "Орхон Эне- Сай рун жазуусу" жана "Кыргыз эпостору" китеп көргөзмөсү сунушталып, талкуулоо менен коштолууда.

Белгиленгендей, симпозим 20-майга чейин уланат, анын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан резолюция кабыл алынмакчы.

Пикир

Оставить комментарий