Бишкекте изделип жаткан Айсулуу үйүнө кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 26.08.22. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз болуп изделип аткан өспүрүм Каныбек кызы Айсулуу үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 25-августта мурда дайынсыз болуп аткан кыздын ата-энеси болжол менен саат 21:00дөр чамасында алардын кызы аман-эсен үйүнө келгенин билдиришкен.

Эскерте кетсек, 24-августта шаар тургуну Н.Г. милицияга кайрылып, 2006-жылы туулган кызы Каныбек кызы Айсулууну табууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. Ал 2022-жылы 23-августта 20:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы "Баткен" кафесинен чыккан бойдон үйүнө барган эмес.

Учурда милиция иш боюнча бардык жагдайларды иликтеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий