• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте көчө шахмат тактасы орнотулду

Коом 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги республикалык китепкананын алдына балдар үчүн чоң шахмат тактасын орнотушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Шахмат тактасы Эл аралык шахмат күнүнө карата орнотулган.

Иш-чарага БШКнын төрагасы Алмаз Кененбаев, КРнын Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов, китепкананын жетекчилиги жана кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

Эми бардык каалоочулар жаңы орнотулган шахмат тактасына келип, шахмат партиясында убакыт өткөрө алышат.

Шахмат талаасынын жанында көчө тренажёрлору, балдар аянтчасы бар.

“Бүгүнкү күндө чыгармачыл адамдар бааланат. Жаштар жана балдардын арасында ойлонуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн шахмат ойногонду үйрөнүү керек”, - деди Кененбаев.

Көчө шахмат тактасы БШКнын төрагасы, Эмил Шүкүров жана Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановдун биргелешкен аракеттеринин натыйжасында орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий