• 87
  • 91.29
  • 0.84

Бишкекте көмүр сатуучу жайларга рейд жүрүп, дээрлик 40 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Бишкекте көмүр сатуучу жайларга рейд жүрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Свердлов акимчилигинин кызматкерлери, муниципалдык инспекция, МККБ, МАБ өкүлдөрү менен биргеликте Курманалиев көчөсүнөн Дордой-2 конушуна чейинки айланма жолдун боюндагы пункттарды текшерди.

Жыйынтыгында мыйзам бузган көмүр сатуучу жайлардын ээлерине 39,5 миң сом айып салынды.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий