• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абаддын эки тургунунан дээрлик 5,5 кг нашаа жана жарым миллион сом алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Баңги кылмышына шектелген Жалал-Абаддын эки тургунунан дээрлик 5,5 кг нашаа жана жарым миллион сом алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин баңгизат менен күрөшүү кызматы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда ири көлөмдө баңгизат сатып жаткан жеринен эки жаранды кармашкан.

Кармалгандар 30 жаштагы И.Ш. уулу жана 29 жаштагы Т.К. уулу аттуу жергиликтүү тургундар болуп чыккан. Текшерүү маалында алардан 5 кг 415 грамм нашаа баңгизаты жана жарым миллион сомдон ашык каражат табылган.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий