• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй облусунда 755 жолу жол эрежесин бузган айдоочу кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Чүй облусунда 755 жолу жол эрежесин бузган Chevrolet Lacetti унаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эреже бузуу фактылары 2022-жылдын 30-майынан, 2023-жылдын 20-ноябрына чейинки аралыкта "Коопсуз шаардын" камераларына түшүп калган.

Айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн айдоочу Бишкек - Кордай трассасынан кармалган. Унаа Аламүдүн районунун убактылуу айып короосуна токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий