• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда «Адам сатууга каршы 100 күн» кампаниясынын жыйынтыгы чыгарылды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова калкка адам сатуу маселелери жөнүндө маалымдоону арттырууга багытталган маалыматтык кампаниянын жыйынтыктарын чыгаруу боюнча жыйынтык конференцияга катышты.

Алтынай Өмүрбекова эскерткендей, «Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2017-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2017-2020-жылдарга карата адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Программа жана аны ишке ашыруу чараларынын Планы бекитилген.

«Көрсөтүлгөн Программанын алкагында коюлган милдеттерге жетишүү жана талкуулоо үчүн биз ушул сыяктуу аянтчаларды өткөрүп турууга тийишпиз. 2017-2018-жылдары Кыргызстанда адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөш боюнча аймактык координациялык кеңештер түзүлгөн жана иштеп жатышат», - деди вице-премьер-министр.

Ал белгилегендей, 2018-жылдын 10-сентябрынан 10-декабрына чейин республиканын 7 облусунда жана Ош шаарында «Адам сатууга каршы 100 күн» маалыматтык кампаниясы өткөрүлгөн.

«Кампания 2017-жылы башталып, өз демилгесин уланткан. Бүгүнкү эл аралык конференция «Адам сатууга каршы 100 күн» кампаниясынын финалдык иш-чарасы болуп саналат. Жаштар арасында маалыматтарды жайылтууда жаш улан-кыздардын катышуусун белгилеп кетүү керек», - деп ырастады Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жалпы координациясындагы 30тан ашуун жаштардын демилгечи топтору жана уюмдары кампания учурунда адам сатуунун алдын алуу маселелерине зор салым кошушту, алар балдарды сатуу, ала качуу, эрте никеге туруу, эмгек кулчугу сыяктуу темаларды көтөрүштү.

«Кыргызстандын 100дөн ашуун жаш лидерлери адам сатууга байланыштуу кылмыштык аракеттерди жөнгө салган «1899» түз линиясынын иши, «Мигрант үчүн маалымдама» уюлдук тиркемеси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин беренелери жөнүндө, ошондой эле башка маанилүү маалыматтарды жаштар жана калк арасында жайылтышты», - деп баса белгиледи вице-премьер-министр.

Вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, адам сатуу көйгөйүн чечүүдөгү ар бир жарандын жана уюмдун салымы баалуу жана маанилүү, буга байланыштуу ал бардык кызыкдар тараптарды бул ишке активдүү катышууга чакырды.

Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан жаш активисттерге «Адам сатууга каршы 100 күн» маалыматтык кампаниясын өткөрүүдөгү иши үчүн ыраазычылык кат тапшырды.

Белгилесек, Кыргызстанда «Адам сатууга каршы 100 күн» кампаниясы жарандарды аталган кылмыштырдын абалы жөнүндө маалымдоо максатында экинчи жылы өткөрүлүүдө. Иш жергиликтүү бийлик органдары, жарандык коом жана жалпыга маалымдо каражаттары менен биргеликте республиканын бардык облусттарынджа жана Бишкек жана Ош шаарларын кошкондо, ири шаарларда болуп өттү.

Адам сатууга каршы кампания 5 миңден ашуун жаш активисттерди өз катарына кошуп, 60 миңден ашуун адамды камтыды, алар адам сатуунун курмандыктарына көрсөтүлүүчү колдоо тууралуу маалымат берип, эрте никеге туруу жана кыз-келиндерди ала качуу көрүнүштөрүнө каршы туруу менен 50 ашуун коомдук иш-чараларды өткөрүшкөн.

Буга жараша акыркы жылдары Мамлекеттик миграциялык кызматтын «1899» түз байланышына келип түшкөн телефон чалуулардын саны 14%га жогорулаган. Мындан тышкары, кампаниянын жүрүшү көрсөткөндөй, кеңири жайылган эмгек миграциясы кулдукка сатуу маселесинде кооптуу факторлордун бири болуп саналат, мигранттар мыйзамсыз эксплуатациялоого көбүрөөк дуушар болоору байкалган.

Маалымдама: «Адам сатууга каршы 100 күн» - бул Кыргызстандагы адам сатуу көйгөйү тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча улуттук демилге болуп саналат, ал «Жаштар колдоого алат» урааны астында өткөн.

Алгач ирет аталган кампания 2017-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана КР БУУ Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын калкасында Европа биримдигинин финансылык колдоосу астындагы #GLOACT Глобалдык Пограммасынын алкагында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий