• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Финполдун мурдагы жетекчиси Бакир Таиров УКМКнын тергөө абагына камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финпол) мурдагы башчысы Бакир Таиров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды.

Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, соттун чечими менен 11-декабрь күнү Таиров 2021-жылдын 2-февралына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Эскерте кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Финполдун мурдагы жетекчиси мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен ири өлчөмдө мыйзамсыз акча каражатын алгандыгын аныктаган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун алдында Финполдун мурдагы жетекчиси "Т.Б.Б." саясий партиялардын бирин каржылоо керек деген шылтоо менен мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен ага ири суммадагы акча которууга мажбур кылганы аныкталды.

10-декабрда Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде "Т.Б.Б." кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында "Т.Б.Б" тарабынан акча каражатын алуу сыяктуу фактыларын документтештирүү боюнча тиешелүү иш-чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле ишкердик объекттеринен акча каражатын алуу фактысы да каралууда.

Пикир

Оставить комментарий